Борбор Азиянын бирдиктүү
журналистика академиясы түзүлүшү мүмкүн. Ал региондогу өлкөлөрдүн билим берүү
жана илимий дараметин бириктирген аянтча болот. Ошондой эле креативдүү
индустрияны өнүктүрүү, регионалдык медиа сыйлыктарды дайындоо жана Борбор
Азиянын көрүнүктүү ишмерлери тууралуу биргелешкен теледолбоорду ишке кошуу
мерчемделген. Мындай демилгелерди маданият жана маалымат министри Аида Балаева
Астанада өтүп жаткан II Борбор Азиялык медиа форумда айтты. Иш-чарага 700дөн
ашык делегат катышты. Иш-чарага ЖМК өкүлдөрү жана эксперттер, ошондой эле медиа
компаниялардын жана ар кандай эл аралык уюмдардын жетекчилери катышышты. Форумдун
алкагында Борбор Азия өлкөлөрү өз ара инвестицияларды тартуу, туризмди жана
жалпы тарыхый-маданий мурастарды илгерилетүү үчүн биргелешкен контенттин
көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.
Аида Балаева, Маданият жана маалымат министри:
- Маалым болгондой, Борбор Азия лидерлеринин деңгээлинде маалымат тармагында кызматташууну активдештирүү маселеси бир нече жолу талкууланган. Касым-Жомарт Токаев биргелешкен медиа өнүмдөрдү түзүү демилгесин көтөрдү. Казакстан Борбор Азиянын жалпы телеканалын түзүү жана аймактык дараметти, бул аймакта жашаган элдердин достугун жана биримдигин маалымдаган теледолбоорлорду даярдоо идеясын колдоду.
Аймактагы өлкөлөрдүн жалпы телеканалы менен бирге эми биргелешкен медиа платформа пайда болушу мүмкүн. Ал Борбордук Азия мамлекеттеринин маалыматтык өз ара аракеттешүүсүн жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт. Азыр Казакстан менен Өзбекстан ушундай өнөктөштүккө киришти. Буга чейин тараптар журналисттер үчүн тренингдерди жана семинарларды өткөрүүдөн баштап, жалган маалыматка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планына кол коюшкан.
Асаджон Ходжаев, Өзбекстан Республикасы президентинин администрациясы алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин мүдүрү:
- Биз Казакстан жана Азербайжан менен тиешелүү жол карталарына кол койдук. Бул багытта азырынча биргелешкен иш-аракеттер көрүлүүдө. Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүн камтыган келишим түзүү зарыл. Ошондуктан бүгүн биз Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы кесиптештерибиз менен өз ара аракеттенүүнүн мындай механизмдерин түзүү жолдорун карап чыктык. Алгач кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюу маанилүү. Документ бул багыттардагы өнөктөштүк чөйрөсүн аныктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

