Казакстан үч мунайды кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугун арттырууну көздөөдө. Өндүрүштү кеңейтүү долбоорлору ишке ашырылган соң, иштетүү көлөмү жылына 10 миллион тоннадан ашык көбөйөт. Касым-Жомарт Токаев энергетика министринин өлкөнүн отун-энергетикалык комплексиндеги абал, негизги долбоорлордун жүрүшү жана тармакты андан ары өнүктүрүү пландары тууралуу отчетун укту. Ерлан Аккенженов президентке ушул жылы Алматы шаарындагы ЖЭБ-2нин, Кызылорда жана Түркестан облустарындагы буу-газ турбиналык станцияларынын курулушун аяктоо пландары тууралуу билдирди. Ошондой эле «Көмүр генерациясын өнүктүрүү» улуттук долбоорунун иштелип чыгышынын жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Жыйынтыгында президент тармакты өнүктүрүү жана өндүрүшкө жасалма интеллекттин санариптик технологияларын киргизүүнү активдештирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

