Жеңиш майрамынын алдында жаштар жана аскер кызматкерлери согуштун ардагери Сүнгат Саттыгуловго таазим кылышты. Карагандыда 102 жаштагы ардагер жашаган үйдүн терезесинин жанында концерт уюштурулду. Окуучулар согуш жылдарындагы ырларды аткарышты.
Сүңгат Саттыгулов, Согуш ардагери:
- Мектеп окуучуларына терең билим каалайм. Иштеп жаткандар Казакстандын келечеги учун адал иштешсин. Баардыгыңыздарга жакшылыктарды гана каалайм.
Сүнгат Саттыгулов Сталинграддын алдындагы салгылашууларга катышкан. 1943-жылы жарадар болгонуна карабастан госпиталдан чыккандан кийин согуш талаасына кайтып келген. 1944-жылы Минскти бошотууга катышкан. Эрдиги, баатырдыгы, Мекенге берилгендиги үчүн II даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордени, «Аскердик каармандыгы үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн», «Сталинградды коргогондугу үчүн» медалдары менен сыйланган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

