Өлкөдө ардагерлерге урмат көрсөтүлүүдө

Өлкөдө ардагерлерге урмат көрсөтүлүүдө

Казакстанда Улуу Ата Мекендик согуштун жана оорук ардагерлеринин эрдиги даңазаланууда. Алматыда Казакстан президенти иш башкармалыгынын Улуттук госпиталынын кызматкерлери ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттуктады. Алардын арасында Екатерина Баранова да бар. 1943-жылдын бугу айынан баштап 1945-жылдын бештин айына чейин 1-Украина майданында медайым болуп иштеген. Улуу Жеңишти ошол кездеги Чехословакияда тосуп алган. Ал кезде наамы улук лейтенантка чейин көтөрүлгөн. Согуштан кийин да өмүрүн медицина тармагына арнаган. Ал медайым болуп иштеп, миңдеген адамга жардам берген. Адамдарга деген мээрим күч-кубат берет, дейт Екатерина Баранова.

Екатерина Баранова, Согуш ардагери:

- Өзүбүздүн кыйналып жаткан жоокерлерибизди душмандан коргоо үчүн жертөлөгө ары-бери ташууга туура келди. Ыкчам жардам керек болуп жатканда биздин жоокерлер, учактар келип, душмандын мизин кайтарды. Ал кез азыр да эсимде.

Актөбе облусундагы Хромтау шаарында бир гана согуш ардагери бар. Василий Грецкий 1-кавалериялык полк курамында салгылашкан. Ал согуш учурунда катуу жарадар болгон. Ооруканада жатып, кайра фронтко аттанган. Ардагер Германияга чейин жетип, Улуу Жеңиш күнүн тосуп алган. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн «Кызыл Жылдыз» жана экинчи даражадагы ордендер менен сыйланган. Ардагер жакында өзүнүн 100 жылдык мааракесин белгиледи.

Василий Грецкий, Согуш ардагери:

- Беларусту бошоттук. Украинага келдик. Аны да бошоттук. Кийин Польшаны, Чехословакияны, Венгрияны душмандан тазаладык. Ошентип алдыга жыла бердик. Душман бизге каршы тура алган жок. Биз анын изине түшүп, аягына чейин кууп чыктык.

Ардагерлер бардык казакстандыктарга тынчтык жана ачык асман каалайт. Күч-кубаты дагы эле жетиштүү, тың. Мунун сыры эмнеде? Анын сыры – ар дайым активдүү болуп, эч качан кыймылды токтотпоо керек, дешет карыя ардагерлер.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков