Даректүү социалдык жардам берүү автоматтык түрдө узартылат

Даректүү социалдык жардам берүү автоматтык түрдө узартылат

Суу ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак тургундарына даректүү социалдык жардам берүү автоматтык түрдө узартылат. Ал эми буга биринчи жолу арыз берүүчү жарандар «Электрондук өкмөт» порталы аркылуу кайрыла алат. Бул тууралуу Эмгек жана калкты социалдык жактан колдоо министрлиги билдирди. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар быйыл II кварталда кайра күбөлөндүрүлүүгө тийиш бир катар кызматты өзгөчө кырдаал жоюлгандан кийин жасоо мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле, жеңилдетилген микронасыя алган жаштардын төлөмдөрү кийинкиге  жылдырылат.

Мадияр Уакпаев, Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин расмий өкүлү:

- Өзгөчө кырдаал жарыяланган облустар менен шаарлардагы субсидиялануучу жумуш орундарына орношкон казакстандыктардын эмгек акысы өзгөртүүсүз калат. Өзгөчө кырдаал учурунда субсидиялануучу жумуш орундарына ишке орношкон жумушсуз адамдардын эмгек акысын Эмгек мобилдүүлүгү борбору жумуш берүүчүлөрдөн маалыматтарды талап кылбай төлөөгө милдеттендирилет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков