Түрк интеграциясы экономикадан маданиятка чейинки
өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууда. Мында чоң роль Түрк мамлекеттеринин уюмуна
таандык. Ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин азыркы дүйнөдө эл аралык
аренадагы ролун күчөтүүгө умтулуусу толук түшүнүктүү. Глобалдуу өзгөрүүлөргө
байланыштуу бирдиктүү багыт маанилүү болуп эсептелет. Себеби, ал транзиттик –
транспорттук чөйрөдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу Түркия улуттук жыйынынын
төрагасы Нуман Куртулуш Silk Way телеканалына берген өзгөчө маегинде билдирди.
Нуман Куртулуш,
Түркиянын Улуттук Жыйынынын төрагасы:
-Бул интеграция түрк өлкөлөрү үчүн жаңы
мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кеп кеңири аймакта жашаган түрк тилдүү элдердин 300
миллион өкүлү тууралуу болуп жатат. Борбордук Азиядан Балкан жарым аралына
чейин аз сандагы түрк этникалык топторунун өкүлдөрү башка өлкөлөрдө да жашашат.
Биздин мезгилде биздин жалпы күчтөрүбүздү жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү бириктирүү
абдан чоң мааниге ээ деп эсептейм. Анткени жалпы кызыкчылыктарга умтулуу
мамлекеттерибиздин жигердүү өнүгүүсүнө жана потенциалын арттырууга мүмкүндүк
берет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков