Өлкөдө 2027-жылга чейин 200 миң транспорт өндүрүү мерчемделүүдө

Өлкөдө 2027-жылга чейин 200 миң транспорт өндүрүү мерчемделүүдө

Казакстанда 2027-жылга карата чакан аянтчада чогултуу ыкмасы менен 200 миңдей автоунаа чыгаруу мерчемделген. Ушул тапта аталган ыкма менен ата мекендик темир тулпар чогултуунун транспорт өндүрүшүндөгү көлөмүн 50%га чейин жеткирүү милдети турат. Быйыл бул көрсөткүчтү 20%га жеткирүү көздөлгөн. Кийинки жылдарда бул темпти 10 пайызга жогорулатуу пландалууда. Буга байланыштуу учурда Костанай жана Алматы шаарларындагы чакан өнөр жай аймактарынын аянтчаларында  автокомпоненттер базасын өнүктүрүү долбоорлору иштелип чыгууда. Өлкөдө авто отургучтар өндүрүшү менен Кытай автоунааларын чыгаруучу мультибренддик завод куруу долбоору колго алынды. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттары үчүн желим тетиктерди жана мультимедиялык системаларды иштеп чыгуучу бир катар ишканаларды ишке киргизүү мерчемделип жатат. 2026-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта ширетүү жана сырдоо операциялары Казакстандын аймагында кураштырылган ар бир транспорт брендинде өздөштүрүлөт. Бул жаатта үстүбүздөгү жылдын 3 айында ата мекендик унаа жасоо өнөр жайынын өндүрүшү дээрлик 25% өскөндүгүн белгилей кетүү керек.


Которгон: Илгиз Жамалбеков