Казакстандын
президенти Омандын султаны менен телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев
Султан Хайсам бен Тарик Аль Саид менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулап,
Оманды бекем колдой турганын жана бул өлкөнүн боордош эли менен оор мезгилде
тилектеш экенин билдирди. Мамлекет башчысы Иранга каршы согушка катышпаган Перс
булуңундагы өлкөлөрдүн жарандык инфраструктура объектилерине жасалган аба
чабуулдарына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Касым-Жомарт Токаев
Казакстан ар дайым кырдаалды жумшартууну колдой турганын жана тараптарды
чыр-чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырарын баса белгиледи.
Казакстандын президенти казак жарандарын аймактан бул өлкөнүн аймагы аркылуу
эвакуациялоого көмөктөшкөнү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле
Омандын башчысы ушул жылы Казакстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырууну
кабыл алды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

