Казакстанда биринчи АЭСтин курулушу башталды

Казакстанда биринчи АЭСтин курулушу башталды

Алматы облусундагы Үлкен айылынын жанында Казакстандагы биринчи атомдук электр станциясынын курулушу башталды. Иш-чарага Казакстан Республикасынын Атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы Алмасадам Саткалиев жана «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы мүдүрү Алексей Лихачёв катышты. Салтанат АЭСтин курулушуна даярдыктын негизги этабы болгон инженердик-изилдөө иштеринин башталышын билдирет. Ал болжол менен бир жарым жылга созулат. Адистер жер астындагы суулардын бар экендигин талдап, курулуш аянтында геологиялык жаракалардын жоктугун аныкташат. Алмасадам Саткалиевдин айтымында, инвестициялардын жалпы көлөмү 15 миллиард долларга жакын болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков