Мамлекет башчы Туризм жана спорт министри Ермек Маржыкпаевди кабыл алды

Мамлекет башчы Туризм жана спорт министри Ермек Маржыкпаевди кабыл алды

Парижде өтүүчү XXIII жайкы Олимпиада оюндарында өлкө намысын 80 спортчу коргойт. Казакстандын курама командасы спорттун 25 түрү боюнча 92 лицензия алган. Туризм жана спорт министри мамлекет башчыга төрт жылда бир келүүчү негизги мелдешке даярдыктар тууралуу маалымат берди. Ермек Маржыкпаев спортту башкаруу институттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчы Олимпиада оюндары спортчуларга чоң жоопкерчилик жүктөөрүн белгиледи. Ошондой эле, президент Казакстандын курама командасы маданияттуу, токтоо жана алдыңкы үлгүлөрү менен дүйнө алдында өзгөчөлөнүшү керектигине көңүл бурду. Белгилей кетсек, олимпиада оюндарына 17 күн калды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков