Окуучулар мифологиялык оюн ойлоп табышты

Казакстандык окуучулар казак уламыштарына негизделген үстөл оюнун ойлоп табышты. Мифологиялык чыгармада Дөө, Жөө күлүк, Балбан, Кыраакы менен Жаман бала сыяктуу казак жомокторунун каармандары чагылдырылган. Бардыгы жыгачтан оюлуп жасалган. Авторлор алгач изилдеп, сурамжылоо жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында окуучулардын фантастика жанрына көбүрөөк кызыга турганы аныкталган. Ошондуктан атайын уламыш багыты  тандалып алынганы айтылат. Долбоорду даярдоого окуучулар 1 жыл убакыт сарпташкан. Улуттук үлгүдө жасалган оюндун эки түрү бар. Биринде 6, экинчисинде 8 каарман бар.

Сеним Дүйсенова, 11-класстын окуучусу:
- Оюн менен алектенип жаткан кезде көптөгөн тоскоолдуктар да болду. Мисалы, биз оюнду иштеп чыгуу үчүн Canva деген программаны колдондук. Бирок анда төл сөздөр жок. Казакча тамгалар жок.  Ошондуктан биз бардык жазууларды өз колубуз менен жазып, атайын программа аркылуу компьютерге дизайнды киргиздик.

Учурда окуучулар автордук укукка ээ жана оюн патенттелген. Семей окуучулары бул эмгегин алгач Абай облусуна, кийинчерээк Казакстандын бардык аймагына жайылтууну көздөшүүдө. Максаты – өсүп келе жаткан муундун казак жомокторуна болгон кызыгуусун арттыруу.

Акбота Нургали кызы, Казак тили жана адабияты сабагынын мугалими:
- Автордук укук алгандан кийин сайттарга маалымат тарата баштадык. Ошондон бери суроо-талап өсүүдө. Башкача айтканда, оюнду кайдан сатып алсак болот, каякта сатылат деген суроолор бар. Эми биздин келечектеги максатыбыз – оюнду рынокко алып чыгып, өнүктүрүү жана жакшыртуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков