Казак, өзбек, тажик жана түркмөн делегаттары боордош мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү жана бирдиктүү руханий-маданий мейкиндикти өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда. Жыйындын жыйынтыгы боюнча Түркестан декларациясы кабыл алынат. Документ экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана Борбордук Азиянын өзүнүн уникалдуулугу менен айырмаланган бирдиктүү маданий-тарыхый мейкиндигин түзүүгө багытталган парламенттер аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин көрсөтөт.
Максим Споткай, Парламент сенатынын аппарат жетекчиси:
- Борбор Азия өлкөлөрү үчүн көптөгөн актуалдуу көйгөйлөр аз эмес. Чынында эле суу, социалдык жана башка саясий жана экономикалык маселелер бар. Деген менен аларды чечүүгө өкмөт же мамлекет башчылары, коомчулук гана эмес, депутаттар да биргелешип аракеттенүүгө даяр экенин көрүп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков