Казакстандын эң мыкты ЖОЖдору пландуу текшерүүдөн бошотулат. Сөз иш берүүчүлөрдүн рейтингинде 1-3-орундарды ээлеп, алдыңкы тизмеге кирген окуу жайлары жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу билим жана илим министри Асхат Аймагамбетов Фейсбук баракчасына жазды. Басылмада Билим берүү министрлигин жетектеп тургандагы ишинин жыйынтыгын чыгарган. Анын айтымында, акыркы үч жылда Казакстандын илим жана жогорку билим берүү системасы натыйжалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп калды. Быйыл биринчи жолу 16 ата мекендик университет QS дүйнөлүк рейтингине кирди. Алардын жалпы саны 2018-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Ошол эле учурда университеттердин позициялары да бир топ жакшырды.
Асхат Аймагамбетов, Казакстандын билим жана илим министри
- Университеттердин өз алдынча диплом берүү мүмкүнчүлүгү чоң кадам болуп калды. Бул дагы алардын кадрларды даярдоонун сапаты үчүн жоопкерчилигин жогорулатат. Дипломду жасалмалоодон коргоо үчүн кол коюу талаптары киргизилип, эми QR технологиясынын жардамы менен ар бир иш берүүчү дипломдун аныктыгын веб-сайттан текшере алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков