2022-жылы массалык спортко 20,1 миллиард теңге бөлүнөт

2022-жылы массалык спортко 20,1 миллиард теңге бөлүнөт

2022-жылы мамлекеттик бюджеттен массалык спортко 20,1 миллиард теңге бөлүнөт. Аталган суммага 180 миңге жакын баланы спортко тартуу көздөлүп жатат. Бул тууралуу Маданият жана спорт министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, Президент Касым-Жомарт Токаев 2020-2025-жылдарга карата элге кайрылуусунда облус, район борборлорунда балдар үчүн акысыз спорт секцияларын ачуу жана массалык спортту өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген. Быйылкы жылы жергиликтүү аткаруу органдары мамлекеттик спорт буйрутмасын ишке ашырууга жалпысынан 7,1 миллиард теңге каражат бөлдү. Жыл аягына чейин бул каражатка 4-17 жаштагы 79 миң 782 бала жана өспүрүмдү камтуу каралган. Бирок азыркы көрсөткүч мындан эки эсе көп. Аталган тармактын адистеринин айтымында, мамлекеттик тапшырма аркылуу калктын жан башына эсептелген каражаттардын санын көбөйтүү менен балдарды жана өспүрүмдөрдү спортко тартуу бир топ өстү. Бүгүнкү күндө өлкөдө 146 миң 425 бала жана өспүрүм акысыз спорт секцияларына барат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков