Быйыл казакстандык жаштарга ишкердик демилгелерин
ишке ашыруу үчүн 5800гө жакын жөнөкөйлөштүрүлгөн микрокредиттерди берүү
пландаштырылууда. Бүгүнкү күндө агрардык насыялык корпорацияга кызыкдар
тараптардан 5100дөн ашык кайрылуу келип түшкөн. Учурда 3200гө жакын долбоор
жактырылып, 2300дөн ашууну насыя алган. Бул тууралуу Эмгек жана калкты
социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Жылдык 2,5% үстөк менен микрокредит 21 жаштан 35 жашка чейинки жаштарга 5
жылдан ашпаган мөөнөткө жеке бизнесин ачуу же кеңейтүү үчүн берилет. Ал эми мал
чарбачылыгын өнүктүрөм десе, насыя 7 жылга чейин каралат. Арыздардын басымдуу
бөлүгү Түркестан, Жамбыл, Алматы, Батыш Казакстан, Кызылорда жана Жетису
облустарынан келген. Негизинен кызмат көрсөтүү, мал жана өсүмдүк өстүрүү, соода
жана жеңил өнөр жай тармактары кирет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков