Пенсия төлөмдөрүн колдонуу эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилет. Тактап айтканда, казакстандыктарга турак жай курулуш кооперативине үлүштүк катышуу келишими боюнча үлүштүк салым катары пенсиялык топтоолорду колдонууга уруксат берилиши мүмкүн. Мындан тышкары, кооператив жергиликтүү акимчиликте расмий каттоодон өтүшү керек.
Муну менен катар, эми иш берүүчү өз кызматкерине турак жай сатып алуу үчүн насыя каражатын сунуштай алат. Карызды төлөө үчүн кызматкерге анын пенсиялык төлөмдөрүн колдонууга мүмкүндүк берилет. Бул учурда сатып алынган кыймылсыз мүлк милдеттүү түрдө насыя алуучунун атында болушу керек. Ошондой эле, батир сатып алуу үчүн акча топтогондор пенсиялык төлөмдөрдү турак жай курулушу салымынын эсебине которуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Тыюу салуулар да киргизилди. Жубайынын жакын туугандарынан турак жай сатып алуу үчүн пенсиялык каражаттарды пайдаланууга жол берилбейт. Буга кошумча, Бирдиктүү топтоочу пенсиялык фонддон акча которуулардын мөөнөтү үч күндөн 10 күнгө чейин узартылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков