Балдарды смартфондо программалоого үйрөткөн казакстандык стартап

Балдарды смартфондо программалоого үйрөткөн казакстандык стартап

Бириккен Араб Эмираттары, Улуу Британия, Швеция, Түркия, Сербия жана КМШ өлкөлөрү. Аталган мамлекеттердин мектептеринде балдарды смартфондордо программалоого үйрөтүү үчүн Казакстандык иштеп чыгууну киргизүү мерчемделүүдө. Учурда ата мекендик стартап өлкөдө, ошондой эле Түштүк Корея, Азербайжан жана Өзбекстанда ийгиликтүү колдонулуп келет. Маселен, бүгүнкү күндө Казакстандын ойлоп табуусу күн чыгыш өлкөсүнүн 5 мектебинин билим берүү системасына киргизилген. Учурда ага дагы 500 адам кошулууга даяр. Азербайжандын үч миңге жакын билим берүү борбору да өз кезегин күтүп жатат. Буга чейин аталган Борбор Азиядагы өлкөнүн 10 окуу жайы анын пайдасын көрдү. Дараметтүү колдонуучулар долбоордун ыңгайлуулугуна жана эффективдүүлүгүнө кызыкдар экенин айтышат.

Жанадил Талдыбаев, стартаптын негиздөөчүсү:
-Биз программалоонун негиздерин бышыктайбыз. Окуунун дал ушул этабында мобилдик программалоону колдонуу алда канча натыйжалуу. Эсиңиздерде болсо, мурда бардык оюндар компьютер аркылуу гана ойнолчу. Эми каалаган оюнду смартфондорго көчүрүп алса болот. Башкача айтканда, уюлдук телефон болсо жетиштүү. Жалпысынан алганда, компьютер менен аткарылган дээрлик бардык нерсени смартфондун жардамы менен жасоого болот. Ал болгону ыңгайсыз болуп көрүнөт. Ал тургай, мобилографиянын пайда болушу менен да видеолорду жогорку сапатта монтаждоо мүмкүн болду. Мурда мындай болот деп ким ойлогон. Ошондуктан биз балдарга татаал программалоонун сырларын, алар жакшы билген ыкма менен үйрөтүүгө басым жасадык. Бул өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү.

Эки жыл мурун колго алынган долбоор бүгүнкү күндө толук кандуу өнүмгө айланды. Ойлоп табуунун авторлору бул система улуу муунга да жеткиликтүү экенин айтышат.

Жанадил Талдыбаев, стартаптын негиздөөчүсү:
-Биздин компаниянын негизги максаты - заманбап Ai-ti өнүмдөрүн жана жөндөмдөрүн коомчулукка жеткиликтүү кылуу. Аны программалоо тармагын тандап алган адистер гана түшүнбөшү керек. Дарыгер болобу, архитектор болобу, юрист болобу, бул жагынан компетенттүү болушу керек. Башкача айтканда, Ai-ти технологияларды өзүнүн пайдасына жарата алуу абдан маанилүү. Жасалма интеллект өнүккөндө ар бир адам анын негиздерин билиши кажет деп эсептейм.

Мобилдик тиркемеден тышкары робототехниканын негизинде акылдуу гаджеттерди түзүүнүн заманбап системасы ишке кирди. Ал эми окуучулардын окуу процессине мониторинг жүргүзүү жана тарбиячынын жөндөмүн жогорулатуу максатында атайын долбоор да иштелип чыкты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков