Мындан ары сууну абадан алууга болот. Казакстандык окуучу атмосферадан ным чогултуучу түзүлүш ойлоп тапты. Бул жабдуу электр тармагына кошулбай эле абадагы нымды натыйжалуу сиңирип, конденсациялоого мүмкүндүк берет. Тармак министрлиги Дана Кадырбектин ойлоп табуусуна кызыгуусун билдирүүдө. Адистер долбоордун автору менен пилоттук режимде ишке ашырууну, маалымат алмашууну, технологияны кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү көздөгөн меморандумга кол койду.
Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
- Суу коопсуздугу жана сууну үнөмдүү пайдалануу – бул мамлекет азыр жаңы Суу кодексинде артыкчылык берген стратегиялык багыт. Сиз ишке ашырып жаткан долбоор дал ушул багытта сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан жаңы Суу кодекси кабыл алынгандан кийин министрлик айыл чарбасына, өнөр жайга, биздин күнүмдүк турмушубузга киргизе турган бардык жаңылыктар дал ушул тектүү долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.
Дана
Кадырбек, Технология автору:
- Бүгүнкү жолугушуу абдан жакшы таасир калтырды. Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин жаш окумуштууларга активдүү колдоо көрсөтүп жатканы өзгөчө кубандырат. Мындай колдоо менин илимий ишимди андан ары улантууга чоң мотивация берет. Министрдин бүгүн берген тапшырмасынын аркасында биз жабдууну талаа шартында сынап көрүүгө жана долбоорду пилоттук режимде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алабыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

