Казакстанда Италиялык университеттин филиалы ачылды

Казакстанда Италиялык университеттин филиалы ачылды

Айыл чарба, тамак-аш кайра иштетүү, туризм, экономика жана санариптик технологиялар. Бул багыттар боюнча Казакстанда ачылган италиялык ЖОЖдун филиалында студенттер билим ала алышат. Марке политехникалык университетинин кампусу Ильяс Жансугуров атындагы Жетису университетинин базасында жайгашкан. Анда лекцияларды италиялык окумуштуулар жана профессорлор окушат. Студенттер биргелешкен илимий изилдөөлөргө жана эл аралык такшалмаларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Окуу аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө дароо эки ЖОЖдун дипломдору берилет.


Мерей Полат, студент:


- Кош диплом программасы бул жаатта өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Келечекте өздөрүн башка өлкөлөрдө сынап көрүштү. Ошондуктан, бизге зор маданий мүмкүнчүлүк ачат. Мен келечекте Италияда иштегим келет. Ошондой эле бул жерге келип, тажрыйба топтоп ал тургай, бул окуу үчүн салым кошкум келет.


Балым Сексенбай, студент:


- Бул башка адамдар менен, тактап айтканда, биздин чет элдик профессорлор менен таанышууга мүмкүнчүлүк. Биз уникалдуу билимге ээ болобуз жана ар кандай долбоорлордо өзүбүздү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Биз жаңы технологияларды көрүп турабыз, келечекте баарын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө боло тургандыгын жана биздин мамлекет Казакстан келечекте дүйнөлүк рынокторго чыккандыгы жөнүндө кам көрөрүн түшүнөбүз. Ошондой эле, биз бул жаатта адис болуу мүмкүнчүлүктөрүн көрөбүз.


Белгилей кетсек, быйыл Казакстанда чет өлкөлүк ЖОЖдордун 11 филиалы ачылат. 2024-жылы республикада 23 чет өлкөлүк университеттин кампустары иштей баштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков