Окуу-агартуу министрлиги жарым жылдык ишин жыйынтыктады

Казакстандын мектептеринде интернеттин сапаты үч эсеге жакшырды. Билим уяларынын бардык окуу китептери санариптештирилип, 11 платформада жеткиликтүү. Биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган окуу-агартуу министрлиги ушул жана башка жаңы маалыматтар менен бөлүштү. Тиешелүү мекеменин маалыматына караганда, санариптик технологияларды киргизүү менен билим берүү тармагын жакшыртуу иштери уланууда. Өзгөчө көңүл инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду. Маселен, акыркы 6 айда 27 миңге жакын бала бакча орундары ачылды. Бул балдарды сапаттуу мектепке чейинки билим берүү жана окутуу менен камтууну 91,5%га чейин жогорулатууга шарт түздү. Жыл сайын бир миң айыл мектеби жаңыланды.  Алар робототехника, химия, биология, физика жана STEM-лабороториялар боюнча заманбап предметтик класстар менен жабдыкталат.

Мереке Нурмуханова, Окуу-агартуу министрлигинин расмий өкүлү:


- Жыл сайын атайын билим берүү уюмдарынын тармагы да көбөйүп келет. Инклюзивдик билим берүүгө шарт түзгөн мектептердин үлүшү 88%га, ал эми балдарды атайын психологиялык-педагогикалык колдоо менен камтуу 80%га жетти. Инклюзивдик билим берүүнү камсыз кылуу үчүн кошумча талаптар иштелип чыкты. Студенттердин жатаканасына өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө аймактарда 2,6 миң орундуу 11 жаңы жатакана курулуп жатат. Бул студенттердин 85%тен ашыгын жатакана менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.


Бүгүнкү күндө окуу-агартуу министрлигинин карамагында 22 миң билим берүү уюму бар. Анын ичинде 11500 ашык бала бакча, 8000 мектеп жана 700 колледж иштейт. Жалпы окуучулардын саны 6 миллион, ал эми мугалимдердин саны 600 миңге жакын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков