Нейрондук тармактардын иштөө принциптерин түшүнүү окуучулардын келечектеги эмгек рыногуна ыңгайлашуусу үчүн өтө маанилүү. Стамбул техникалык университетинин академиги Ибрагим Шая белгилегендей, санариптештирүү доорунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн келечектеги адистер технологиялардын кандай иштээрин терең билиши керек. Ошондуктан, жасалма интеллект жаатындагы билим берүү AI механизмдерин терең изилдөөнү, этикалык нормаларды жана коопсуздук чараларын сактоону камтууга тийиш. Серепчилердин айтымында, бул багытта мамлекет, университеттер, мектептер жана адистер биргелешип иштеши зарыл.
Ибрагим Шая, Istanbul Technical University академиги:
– Бул жерде ChatGPT же башка куралдарды колдонуу менен гана чектелүүгө болбойт. Окуучулар жасалма интеллекттин кантип иштээрин жана анын негизинде жаткан алгоритмдердин кантип түзүлөрүн түшүнүшү керек. Ошондуктан мектептерде жасалма интеллект технологияларын тереңирээк үйрөтө турган атайын курстар зарыл. Мына ушундай технологиялардын аркасында окуучулар керектүү билимди сапаттуу деңгээлде ала алышат.
Жасалма интеллектти орто билим берүү системасына интеграциялоо мугалимдерге жумасына 10–15 саатка чейин убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Нейрондук тармактар сабакка даярдоону, тапшырмаларды текшерүүнү жана материалдарды түзүүнү автоматташтырат. Көптөгөн өлкөлөрдө жасалма интеллект мугалимди алмаштыруучу эмес, санариптик жардамчы катары кызмат кылууда. AI тармагындагы серепчи Амина Байкенова жасалма интеллектти ийгиликтүү киргизүүнүн негизги шарты мугалимдердин жана жалпысынан мектептердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу экенин белгилейт.
Амина Байкенова, ISSAI өнүмдөр жана тышкы байланыштар боюнча мүдүрүнүн орун басары:
– Курстарды түзүү мугалимдер менен биргеликте ишке ашырылышы керек. Эң негизгиси – мектептердин санариптик жетилгендик деңгээли. Башкача айтканда, жасалма интеллект туура иштеши үчүн, педагогдор да, директорлор да жасалма интеллект деген эмне экенин, ал эмне үчүн керек экенин, ал кантип иштээрин туура түшүнүшү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

