Борбор Азия мамлекеттери жасалма интеллект этикасын түзүүгө тартылат

Борбор Азия мамлекеттери жасалма интеллект этикасын түзүүгө тартылат

Борбор Азия мамлекеттери Жасалма интеллекттин этикасын түзүү үчүн биргелешип иш алып барууга ниеттенүүдө. Анткени, маалыматтык технологиялардын чеги жок. Ар бир тармакка киргизилип жаткан нейрон тармактарынын артында кооптуу- чакырыктар турат. Ошондуктан жасалма интеллектти колдонуунун жалпы эко-системасын түзүү зарыл. Ошол эле учурда этикалык принциптер өзгөчө мааниге ээ. Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн тармак адистери буга байланыштуу маселелерди талкуулашты. Жыйында IT адистер маалыматтык коопсуздук маселесин көтөрүштү. Мисалы, жасалма интеллекттин алгоритми туура жазылбаса, анын колдонуучусунун жеке маалыматтары бузулат. Массалык өндүрүшкө киргизүү көптөгөн адистерди кароосуз калтырганы белгиленди. Окумуштуулардын жалпы пикири боюнча, жасалма интеллектке берилген мүмкүнчүлүктөр чектелүү болушу керек. Башкача айтканда, адистер аны жардамчы катары колдонуу жакшы деп ырасташат.

Бейбит Абдикенов, ASTANA IT UNIVERSITY жасалма интеллект борборунун мүдүрү:

- Ким чечим кабыл алат? Адамбы же система кабыл алабы? Бул дагы маанилүү. Бирок мен ойлойм, адам чечим кабыл алышы керек, жасалма интеллект бардык маалыматты көрсөтөт, бирок акыркы чекит сизде болот. Бул боюнча ар кимдин ар кандай ойлору бар көбүнчө илимий жактан жасалма интеллектти жардамчы катары колдонуу туура.

Максат Байбеков, ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсесинин программалар башчысы:

- ЮНЕСКО бул багытта алдыңкы ролду ойноп жаткан жасалма интеллект этикасы боюнча көрсөтмөлөрдү жайылтып жатат. Ошол эле учурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык жумушчу процесстерге активдүү катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Аталган иш-чаранын күтүлгөн натыйжалары-бул тармактар аралык диалогго көмөктөшөт, жаштардын жана аялдардын катышуусун жогорулатуу менен адилеттүү инклюзивдик өнүгүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков