Астанада Британдык университеттин ачык эшик күнү өттү

Астанада Британдык университеттин ачык эшик күнү өттү

Үстүбүздөгү жылдын аяк оона айында Кардифф университетинин филиалы Астанада студенттерди кабыл алат. Бул тууралуу ачык эшик күнүндө окуу жайдын өкүлдөрү билдирди. Британ билим берүү мекемесинин кампусунда алар STEM жана бизнес боюнча окуу программасын башташып, келерки жылы бакалаврларды даярдай башташат. Келечекте окуу программаларын кеңейтүү пландаштырылууда. Башында филиалда 500гө чейин студент окуй алат деп күтүлүүдө. Келечекте Казакстан бүткүл региондон келген чет элдик студенттерди тартуу борборуна айланышы мүмкүн. Белгилей кетсек, Британ жогорку окуу жайынын өкүлчүлүгүн ачуу – Казакстанды Борбор Азиянын билим берүү хабына айлантуу боюнча стратегиялык максаттын алкагындагы маанилүү кадам.


Рудольф Аллеман, Кардифф университетинин эл аралык иштер боюнча вице-президенти жана проректору:


- Билим берүү өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсүнүн негизги куралы экенине ишенебиз. Биз жалпы баалуулуктардын жана келечек тууралуу идеялардын негизинде тажрыйба алмашып, бөлүшө алабыз. Бардык нерсе өз ара байланышта болгон заманбап дүйнөдө билим берүү бизге мамилелерди түзүүгө жардам берет. Казакстан биздин кызматташтыкты баштоо үчүн эң сонун жер.


Талгат Жусипбек, «Qualified Center Оf Education» коомдук фондунун мүдүрүнүн орун басары:


- Дүйнө жүзүндөгү университеттер билим берүүнүн сапаты, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жумшаган инвестициясы менен бааланат. Кардифф университети Times Higher Education жана QS Rankings рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 200 университеттин катарына кирет. Бул университет азыр Казакстанда толук кандуу филиал катары көрсөтүлгөнү менен сыймыктанабыз. Университеттин бардык зарыл инфраструктурасы бар - өзүнүн кампусу болот.


Которгон: Илгиз Жамалбеков