Казакстандык окуучу көпүрөлөрдүн бузулуусун алдын алган технология ойлоп тапты

Казакстандык окуучу көпүрөлөрдүн бузулуусун алдын алган технология ойлоп тапты

Казакстандык окуучу жазгы карсуудан көпүрөлөрдү коргоонун жолун тапты. Өткөн сезондон кийин Виктор Рыжков суунун деңгээлин көтөрүүгө жооптуу инновациялык системаны иштеп чыгууну колго алды. Көпүрөнүн конструкциясы катуу агын кезинде көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жоюлганда кайра төмөндөйт. Система адамдын катышуусуз толук автоматтык түрдө иштей алат.


Виктор Рыжков, окуучу:


- Суюктук датчиги белгилүү бир бийиктикте орнотулган. Суунун деңгээли кооптуу чекке жеткенде, ал Arduino көзөмөл аппаратына белги берет. Ал кызматтык дисктерди башкарат, башкача айтканда, көпүрөнү көтөрүүчү моторго таасир этет. Жалпысынан алганда, бул система түз өйдө-ылдый көпүрө, анын таянычтарынан жана суу каналынын функциясын аткарган сыйымдуулуктан турат.


Онунчу класстын окуучусу бул оюн ишке ашырганга чейин дүйнөдө кездешкен көпүрө куруунун эң мыкты моделдерин изилдеп чыккан. Айтымында, ойлоп табуунун альтернативасы жок. Виктор анын уникалдуу ойлору чыныгы жашоодо ишке ашат деген үмүттө.


Виктор Рыжков, окуучу:


- Мындай көпүрөнү курууга болорун далилдегибиз келди. Бул долбоор элге жардам берет деп ойлойм. Анткени биз суу ташкынынан чоң жоготууларга учурадык. Келечекте адамдар мындай көпүрө түрлөрүнө көңүл бурушат деп ишенем.

Келечекте жаш ойлоп табуучу өзүнүн моделин өркүндөтүүнү пландаштырууда. Ал көпүрөгө тепкич көтөрүү системасын кошуп, радио модулду бириктирет. Бул модуль тез жардам кызматына автоматтык түрдө эскертмелерди жөнөтүп турат. Белгилей кетсек, Smart Bridge долбоору инновациялык долбоорлор боюнча республикалык сынакта биринчи орунду алган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков