Борбор
калаада жалпы республикалык KitapTime 2024 фестивалы өттү. Үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан иш-чарада
жаңы долбоорлордун бет ачары болуп, «айылдык
китепканалар үчүн 100 китеп» акциясы
уюштурулду. Ошондой эле китепкананын жамааты убакытты үнөмдөө максатында
түзүлгөн «QR адабият»
долбоорун тааныштырышты.
Өзгөчөлүгү-сиз каалаган китепти QRду
сканерлөө менен окуй аласыз. Кажет болсо жүктөп алууга болот.
Газиза Нургалиева, Улуттук Академиялык китепкананын мүдүрү:
- Жакында эле президент
улуттук курултайда мындай деди: жалпы китепкана эмес, коом болуп китеп
окуу маданиятын калыптандыруу жана китептердин жеткиликтүүлүгү. Бул «QR адабият» деген чоң
республикалык долбоор. Азыр 9 багытта. Кез келген жерде QR коюп долбоорду ишке ашырууга болот.
Фестивалда
Улуттук китепкана жана белгилүү авиакомпания меморандумга кол коюшту. Эми
жүргүнчүлөр учакта отурганда аудио китептерди уга алышат. Азырынча
адабиятыбыздын 25 нускасы
сунушталды. Аудио чыгармалардын тизмеси жакында
толукталат.
Которгон: Назира Бегалиева