Казакстанда KAZLLM тилдик үлгү иштелип чыкты

Казакстанда KAZLLM тилдик үлгү иштелип чыкты

Астанада KazLLM тилдик моделинин алгачкы үлгүсү иштелип чыкты. Заманбап система казак тилин гана эмес, орус, англис, түрк тилдерин да түшүнөт. Бул илимий долбоорду Назарбаев университетинин Интеллектуалдык системалар жана жасалма интеллект институту колго алган. Ата мекендик ойлоп табуулардын негизинде казакстандык IT адистери уникалдуу өнүмдөрдү жана кызматтарды түзө алышат. Бул модель суроо-талап боюнча үйрөнүп, өзүн өркүндөтө алат. 

Мадина Абдирахманова, NU алдындагы акылдуу тутумдар жана жасалма интеллект институтунун тышкы байланыштар жана өнүм боюнча мүдүрүнүн орун басары: 

- Жасалма интеллект тармагындагы эгемендүүлүктү аныктаган ата мекендик өнүм. Биз 150 миллиарддан ашык токендерди чогулттук. Токен – бул маалыматтардын бирдиги. Аларды башкача сөздөр деп айта алабыз.  

Казакстандык илимпоздор сапаттуу онлайн котормочу иштеп чыкты 

Ошондой эле, өлкөдө биринчи ата мекендик көп функциялуу Soyle App тиркемеси иштелип чыкты. Бул система жергиликтүү жана дүйнөлүк рыноктордун муктаждыктарына багытталган негизги кеп модели болуп саналат. Аталган өнүм Казакстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Заманбап онлайн котормочу колдонуучулардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат. Жасалма интеллектке негизделген электрондук тиркеме колдонуучулардын суроо-талабына ыңгайлашат. 

Мадина Абдирахманова, NU алдындагы акылдуу тутумдар жана жасалма интеллект институтунун тышкы байланыштар жана өнүм боюнча мүдүрүнүн орун басары: 

Казакстандык окумуштуулар иштеп чыккан онлайн котормочу: 

- «Soyle» тиркемесинин кызматы казак, орус, англис жана түрк тилдерине которуу менен эле чектелбейт. Бул иштеп чыгуу оозеки сөздөрдү текстке айландыра алат, текстти башка тилге которуп, кайрадан текстти добушка айландырат.  Ошондой эле бир тилден экинчи тилге заматта алмашат. Эми мунун баарын онлайн режиминде жасоонун бардык натыйжалуу жолдорун карап жатабыз. Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар GPT чатын колдонушат. Анын акысыз нускасын колдонууда деталдар ачык-айкын болот. Маалыматтар баарына жеткиликтүү. Бул чоң маселе. Биз мунун чечимин таптык. Ал үчүн ар бир өлкө өзүнүн тил моделин түзүшү керек. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков