Окумуштуу Каныш Сатпаевдин 10 томдук илимий жыйнагы жарык көрдү

Окумуштуу Каныш Сатпаевдин 10 томдук илимий жыйнагы жарык көрдү

Борбор калаада окумуштуу Каныш Сатпаевдин илимий эмгектеринин 10 томдук жыйнагынын бет ачары болду. Иш-чара академиктин 125 жылдыгына арналган. 10 томдукка монографиялар, илимий макалалар, отчеттору, карталар жана илимий-техникалык долбоорлор кирген. Авторлор Каныш Сатпаевдин чыгармаларын системалаштырып, студенттерге жана окутуучуларга, геологдорго жана экономисттерге жеткиликтүү баалуу маалыматтарды беришет. Басылманын жалпы тиражы 10 миң нускада. Китептер өлкөнүн илимий мекемелерине, университеттерине жана китепканаларына багытталган. Эмгектин электрондук нускасы да жеткиликтүү болот.

Куаныш Султанов, Парламент Сенаты алдындагы сенаторлор кеңешинин мүчөсү:

- Музыка жаатында да, медицина тармагында да биздин Каныш Сатпаевдин эмгектери бар. Мунун баары, буга чейин жарыяланбагандардын көпчүлүгү, андан кийин Каныш Сатпаевдин көптөгөн республикалык, эл аралык, союздук академиялык жыйындарда, кеңешмелерде, мажилистерле сүйлөгөн сөздөрү бар.

Бакытжан Амралинова, Satbayev university долбоорлорду башкаруу институтунун мүдүрү:

- Бул көптөгөн илимпоздордун жамааттык эмгеги. Каныш Сатпаевдин 125 жылдыгына карата атайын иштелип чыккан. Басылманын эски нускалары кайрадан иштелип чыктыБиз талыкпаган эмгектин жыйынтыгын казакстандыктарга сунуштоого кубанычтабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков