Казакстандын
Президенти Окуу-агартуу
министри Жулдыз Сүлейменованы кабыл алды. Касым-Жомарт Токаевге өткөн жылдын
жыйынтыгы жана 2026-жылга карата милдеттер тааныштырылды. Маселен, учурда
өлкөдө жаңы Конституциянын баалуулуктарын жайылтуу үчүн окуу программаларынын
жана окуу китептеринин мазмуну жаңыланууда. Ал эми «Таза Казакстан» демилгесинин алкагында
экологиялык билим берүү стандарты иштелип чыгууда. Мындан тышкары, башталгыч
билим берүүнүн мазмунуна системалык талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында окуу
программалары кайра каралууда – окуу, жазуу жана арифметика көндүмдөрүн
күчөтүүгө басым жасалууда. Ошол эле учурда билим берүү системасы активдүү түрдө
санариптештирилүүдө. Бүгүнкү күндө мектептердин 99%ы интернетке кошулган.
Бардык документтер – тагыраак айтканда, дипломдор, аттестаттар жана
маалымкаттар казакстандыктарга санариптик форматта жеткиликтүү. 240 миңден
ашуун мугалим жасалма интеллектти колдонуу боюнча кайра даярдоодон өттү, дагы
200 миң мугалим ChatGPT Edu долбоорунун алкагында жасалма
интеллект-ассистенттерин колдонууну өздөштүрөт. Андан тышкары, өлкөдө «Келечек мектептери» улуттук долбоорунун
алкагында 217 мектептин курулушу аяктады. Мамлекет башчысы билим берүүнүн
сапатын жогорулатуу жана санариптик трансформациялоо боюнча ишти улантууну,
анын ичинде «Qazaq Digital Mektebi» долбоорун ишке ашырууну тапшырды.
Жулдыз
Сулейменова, Окуу-агартуу
министри:
– Жаңы Конституциянын
баалуулуктарын жайылтуу жана нормаларын ишке ашыруу максатында окуу
программаларынын мазмуну күчөтүлүп, окуу китептери жаңыланууда. 2026-2027-жаңы
окуу жылында 5-7-класстардын окуучулары үчүн «Конституциянын негиздери», 8 жана
9-класстардын окуучулары үчүн «Мыйзам жана тартип» курстарын, ошондой эле
7-8-9-класстардын окуучулары үчүн жасалма интеллект боюнча тандоо курсун
киргизүү пландаштырылууда. Ошол
эле учурда билим берүү стандарттары фундаменталдык дисциплиналарга басым жасоо
менен кайра каралууда. Ал эми «Адал азамат» аттуу тарбиялоонун бирдиктүү
программасы киргизилип жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

