Астанадагы
мектептердин биринде жаш чек арачылар даярдалат. Бул үчүн окуу жайда атайын адистештирилген
«жаш чек арачы» классы ачылды. Бул жерде окуучуларды уставдын негиздери менен
тааныштырышат, аскер формасын туура кийүүгө, саптык даярдыкка жана чек ара
кызматынын ишине байланыштуу башка да сабактар үйрөтүлөт. Окуучулар үчүн атайын
экскурсиялар жана талаа тренингдери уюштурулат. Топко 7-класстан баштап кабыл
алынат. Окуучуларга аскер ардагерлери сабак
берет. Белгилей кетсек, мектепте келечектеги полиция жана аскерлерге арналган атайын
топтор иштейт.
Ольга Доценко, «Застава
тарландары» республикалык чек арачы ардагерлер коомдук бирикмесинин мүчөсү:
- Бул балдар
жаштайынан биздин чек ара кызматыбыздын иши менен таанышып, патриоттук, мекенибизди
коргоо духунда тарбияланышат. Анткени, мекенибиз чек арадан башталат. Мен өзүм
чек ара аймагында туулуп-өскөм. «Чек арачынын жаш досу» клубунун мүчөсү болдум.
Бизде камкорлукка алынган застава болгон, ошол жакка барчубуз.
Ермек
Абдирахманов, «Жаш чек арачы» классынын куратору:
- Биздин негизги
багытыбыз келечектеги чек арачыларды даярдоо. 11-класстан кийин Алматыдагы
Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясына өтүп, болочок офицер
аталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

