2027-жылга чейин
Казакстанда моношаарларды өнүктүрүүгө 1,7 триллион теңге жумшалат. Өкмөт мындай
10 конушту 4 жылга комплекстүү өнүктүрүү планын бекитти. Анын алкагында 608
пункттан турган иш-чараларды ишке ашыруу, атап айтканда, саламаттыкты сактоо,
билим берүү, спорт, инженердик инфраструктура, кичи жана орто бизнес, агроөнөр
жай комплексинин объекттерин куруу жана оңдоо, заманбап техникаларды сатып алуу
каралып жатат. Мындан тышкары Балхаш шаарынын аэропортун жаңылоо маселеси да
талкууланды. Бардык сунушталган тапшырмалар аткарылгандан кийин туристтердин
саны көбөйүп, ишкердик жигердүүлүк 4 эсеге өсөрү күтүлүүдө. Эскерте кетсек,
мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев моношаарларга карата мамлекеттик саясатты
кайра карап чыгууну тапшырган. Буга байланыштуу Улуттук экономика министрлиги
тиешелүү Жол картасын иштеп чыгууда. Документте мамлекеттик колдоо чараларынын
бирдиктүү тизмеси жана Казакстандын бардык 27 моношаарларынын аймагында өнөр
жай зоналарын түзүү каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков