Казакстандын премьер-министри инвесторлор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

Казакстандын премьер-министри инвесторлор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

2024-жылы Казакстандын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 11,4 миллиард долларга жетти. Колдо бар  дараметти дагы эки эсеге көбөйтүүгө болот. Астанада өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектенов аталган уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулады. Азыркы учурда өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтары түзүлүп, социалдык саясат, айлана-чөйрөнү коргоо, өнөр жай, илим, технологиялар жана инновациялар сыяктуу башка тармактар боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Боордош элдердин маданиятын жана тарыхый мурасын сактоого жана кеңири жайылтууга багытталган иш-чаралар пландаштырылган. Буга чейин Актау Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Ал эми ушул жылдын кулжа айынан баштап Алматы жаштардын Түрк мамлекеттери уюмунун борбору болот.

Чет элдик инвесторлор Алматы облусунда аутлет борборун курууга ниеттенүүдө. Казакстандын премьер-министри менен австриялык компаниянын жетекчилигинин жолугушуусунда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу дарамети талкууланды. Борбордун курулушу кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө жаңы дем берип, инвестиция тартууга, соода жүгүртүүнүн өсүшүнө шарт түзөт. Бул демилге Казакстандан эле эмес, коңшу өлкөлөрдөн да товар сатып алуучуларды тартуу максатында иштелип чыккан. Казакстан менен Дүйнөлүк банк санариптештирүү жаатында кызматташат. Бул тууралуу өкмөт башчы Олжас Бектенов менен каржы институтунун вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушууда айтылды. Банк инновациялык технологияларды оптималдаштыруу, инвестицияларды долбоорлоо, ишке ашыруу жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча мамлекеттик органдардын ишине алдыңкы эл аралык тажрыйбаны киргизе алат. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуунун натыйжасында жалпы суммасы 8 млрд долларды түзгөн 48 долбоор ишке ашырылды.

Ошондой эле, Олжас Бектенов жана БУУнун Башкы катчысынын орун басары Хаолян Шу туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда кызматташуу маселелерин талкуулашты. Тараптар Алматыда БУУнун Өнүктүрүү программасынын субрегионалдык кеңсесин ачуу мүмкүнчүлүгүн карашты. Ал Борбор Азиянын тышкы чакырыктарга туруктуулугун бекемдөө жаатындагы биргелешкен аракеттерди координациялоо багытында иш алып барат. Эл аралык түзүмдүн өнөктөштүгү түзүлгөндөн бери өлкөдө ар кандай тармактарда 200 долбоор жүзөгө ашырылды. Учурда 35 демилге боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков