Бул тууралуу Административдик полиция комитетинин жетекчилиги билдирди. Мындай жаңычылдык Сенатта талкууланган мамлекет башчынын айрым тапшырмаларын аткаруу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө каралган. Мындаш тышкары да, документте көптөгөн тармактардагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган башка чаралар да камтылган. Бул аймактардын каржылык өз алдынчалыгын жогорулатуу максатында салыктык кирешелерди жергиликтүү бюджетке которуу аракети. Ошондой эле, атаандаштык чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана жеке-менчик өнөктөштүктү ишке ашыруу ыкмаларын өркүндөтүү. Бирок, сенаторлор өз сунуштарын айтып, мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу үчүн парламенттин төмөнкү палатасына кайтарышты.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, 2022-жылдын аяк оона айынын 1не чейин ташылып келинген оң рулдуу автотранспорт каражаттарын баштапкы каттоого алуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды. Бул дээрлик 20 миң жараныбызга унаасын мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет. Сенаторлор ыйгарым укуктуу органдарга жарандардын банктык жана салыктык сырларына жетүү боюнча негизсиз ыйгарым укуктарды берген айрым жоболорду алып салышты. Жалпысынан Мыйзамдын кабыл алынышы жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков