Мамлекет башчысы ата мекендик бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекет башчысы ата мекендик бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Мамлекет менен бизнестин ортосундагы мамиле өз ара ишенимге негизделиши керек. Бул тууралуу мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бизнес тобунун өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Президент мамлекеттик аппарат ар бир ишкерге мыйзам бузуучу катары карабоо керектигин белгиледи. Мамлекет аларга жардам берүүгө милдеттүү. Президент бизнесмендер менен мамлекеттик аппараттын ортосунда жаңы мамиле түзүүгө чакырды. Башкача айтканда, жаңы “социалдык келишим” болуу керек. Ал өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүп, жеке менчикти толук коргоону камсыздайт. Өз кезегинде ишкерлер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарат. Тактап айтканда, салык төлөйт, экономикага инвестиция салат, жумуш орундарын жана  кызматкерлерине ыңгайлуу иштөө шарттарын түзөт. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

-Мамлекеттик аппараттын милдети — өлкөдө мыйзамдуу ишкердикке ар тараптан жардам көрсөтүү. Мыйзамды бузуп, бизнеске тоскоолдук кылуу мамлекеттик кылмыш болуп саналат. Мен, Президент катары, Казакстанды бизнес үчүн, анын ичинде ири, орто жана чакан ишканалар үчүн абдан ыңгайлуу шарттары бар өлкөгө айландырууну милдетим деп эсептейм.

 

Муну менен катар мамлекет башчысы жакын арада чечиле турган артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи. Атап айтканда, Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине кайрылуусунда сунушталган экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы жолдоруна токтолду.

 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Экономиканын өсүшүн бери дегенде 6-7 пайызга жеткиришибиз керек. Бул үчүн жеке ишкердик демилгелерге максималдуу колдоо көрсөтүү зарыл. Бул багытта айрым иштер аткарылды. Бирок, ишкерликтин өнүгүү темпи дагы эле жайбаракат жана ал өз дараметине жооп бербейт деп айтууга болот. Бир сөз менен айтканда чындыгында бизге олуттуу жылыш керек. Биринчи кезекте мамлекет менен бизнестин мамилеси таптакыр жаңы үлгүгө өтүүгө тийиш.

Мамлекет башчы өлкөнүн дараметтүү ишкерлерин металлургия, химия, унаа жасоо жана башка тармактарда ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга катышууга чакырды. Буга кошумча, Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик аппарат орто бизнести өнүктүрүүгө көңүл бурушу керектигин айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.