ШКУ өлкөлөрү «жаңы экономикалык диалогду» өнүктүрүү концепциясына кол коюшту. Бул Пакистандын баш калаасында уюмга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин 23-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган сегиз документтин бири. Жолугушуунун катышуучулары Астанада быйылкы саммиттин алкагында өлкө президенттери жетишкен макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулашты. Ошондой эле ар кандай чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү маселелери каралды. Казакстандын Премьер-министри санариптештирүүнү жана онлайн-сооданы өнүктүрүүдө, темир жол жана автоунаа жолдорун модернизациялоодо, энергетикада жана инвестицияда өз ара пайдалуу кооперациянын зарылдыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, Олжас Бектенов билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин ортосундагы байланыш күчөгөнүн белгиледи. Бул уюмдун он өлкөсүнүн туруктуу өнүгүүсү жана гүлдөп өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, Казакстандын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү өткөн жылы 67 миллиард долларды түзүп, 6 пайызга өскөн.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков