Казакстандын
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кызматташуусу бүгүн президент
Касым-Жомарт Токаевдин ДССУнун
башкы мүдүрү Тедрос
Адханом Гебрейесус менен жолугушуусунда талкууланды. Атап айтканда, тараптар
климат жана ден соолук жаатындагы биргелешкен изилдөөлөрдү, ошондой эле
саламаттыкты сактоо системасына жасалма интеллектти киргизүү маселелерин
карашты. ДССУнун
жетекчиси Казакстандын экономикалык өнүгүүсүн
жана жаңы
Конституциянын кабыл алынышынын аркасында ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан саясий
өзгөрүүлөрдү белгиледи. Жыйынтыгында Башкы мүдүр президентке өлкөгө дары-дармек
каражаттарынын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу жаатында ДССУнун 3-деңгээлдеги
жетилгендиги ыйгарылганын тастыктаган катты тапшырды. Бул улуттук көзөмөл
системасынын ишенимдүүлүгүн таанууну билдирет. Белгилей кетсек, Казакстан мындай
деңгээлге КМШдагы биринчи жана Европа аймагындагы уюмдун төртүнчү өлкөсү болуп
жетти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

