Касым-Жомарт Токаев бүгүн АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Кэрол Миллерди кабыл алды. Казакстандын президенти Казакстан менен АКШнын соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле аймактык жана эл аралык коопсуздук, ядролук жайылтпоо маселелеринде жемиштүү өнөктөштүгүн белгиледи. Өлкөлөр ортосундагы туруктуу өсүш товар жүгүртүүнү да көрсөтүп турат – ал 4 миллиард доллардан ашты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Өз кезегинде конгрессмен президентке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, жемиштүү диалогду улантууга АКШ кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

