Өкмөттө жол тармагын жаңыртуу маселеси каралды

Өкмөттө жол тармагын жаңыртуу маселеси каралды

Казакстанда 2029-жылга чейин республикалык тармакта 8 миң чакырым жолду сапаттуу куруу жана реконструкциялоо милдети коюлган. Маселен, анын жарымынан көбүн жакынкы жылдарда этап-этабы менен ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу транспорт министри Марат Карабаев өлкө башчынын шайлоо алдындагы программасын ишке ашыруу боюнча өткөн штабдын жүрүшүндө билдирди. Башкармалыктын башчысынын айтымында, бүгүнкү күндө 2 миң чакырымга арналган үч долбоорго артыкчылык берилип жатат. Алар «Орусия Федерациясынын чек арасы — Марток — Актөбе — Улгайсын — Кызылорда», «Жезказган — Караганды» жана «Сарыагаш шаарын айланып өтүү» жолдору. Министр учурда айрым участоктордо курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатканын, кээ бир  жерлерде 2024 жана 2025-жылдары иш башталаарын белгиледи. Ошол эле учурда жол боюндагы тейлөө инфраструктураны өнүктүрүү улантылууда. Бүгүнкү күндө республикалык маанидеги жолдордун жээгинде 1500дөн ашык тейлөө объектилери иштеп жатат, алардын дээрлик 80%ы Улуттук стандарттын талаптарына жооп берет. Жакынкы алты жылда өлкөдө 300дөн ашык жаңы кафелерди, май куюучу жайларды жана соода түйүндөрүн ишке кошуу мерчемделген. Бул жаатта 2029-жылга чейин облустук жана райондук маанидеги 14 миң чакырым жолду оңдоо көздөлүүдө. Ошондой эле, автожолдордун курулуш процессине көзөмөлдү күчөтүү механизмдери киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков