Казакстандын ТМУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 12,9 миллиард долларга жетти

Казакстандын ТМУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 12,9 миллиард долларга жетти

Түрк мамлекеттери уюмунун XII саммитинде Казакстандын Президенти тарабынан сунушталган Санариптик мониторинг борбору Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүүнү тездетүүгө, логистиканын ачыктыгын жана ыкчамдыгынын камсыз кылууга багытталган. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министри Баку шаарында өткөн Уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын экинчи жыйынында билдирди. Олжас Бектенов бул маселени иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, Түркестанда бизнести колдоо үчүн «Туран» атайын экономикалык зонасы ачылган. Ал жерге жаңы биргелешкен өндүрүштөр жана технологиялык кластерлер жайгаштырылат. Жыйындын катышуучулары соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана Борбор Азияда суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу келечегине өзгөчө көңүл бурушту.


Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:


– Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаев белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулук Түрк мамлекеттеринин уюмун олуттуу чакырыктарга туруштук бере ала турган абройлуу, ынтымактуу бирикме катары кабыл алууда. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын Уюмга мүчө өлкөлөр менен өз ара соода көлөмү 12,9 миллиард долларды түздү. Биз бирикмебиздин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдарбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков