Казакстан менен Кытай жезди кайра иштетүү, авто өнөр жайына керектүү тетиктерди чогултуу, медициналык жабдууларды чыгаруу сыяктуу долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар. Тараптардын бул багытта кызматташуу ниети Ляонин провинциясында өткөн 3-Эл аралык инвестиция жана соода жарманкесинде белгилүү болду. Анда түзүлгөн Казакстан улуттук компаниясынын павильонуна келгендерге, өлкөнүн аймактарынын инвестициялык дарамети тааныштырылды. Ошол эле учурда, калктын саны боюнча өлкөдө 14-орунда турган Ляонин провинциясынын ички дүң өнүмү өткөн жылы 400 миллиард долларга жеткенин белгилей кетүү керек. Анда өлкөнүн алюминий жана химиялык өнүмдөр, кеме куруу, айыл чарба ишканалары сыяктуу ири өндүрүш борборлору топтолгон.
Чжоу Ягуан, Ляонин айыл чарба илимдери институтунун эл аралык илимий-техникалык кызматташтык борборунун мүдүрү:
Географиялык абалына байланыштуу Казакстан биздин кээ бир аймактар менен көп окшоштуктарга ээ. Биздин өлкөдө айыл чарба өндүрүшү жакшы өнүккөн. Эгин чарбасы жана мал чарбачылыгында өз ара бөлүшө турган бир топ тажрыйбалар бар. Ошол эле учурда жарым кургак аймактарда кызматташтыкты өнүктүрүүнүн дарамети зор. Маселен, Шинжаңда биздин институттун өрүк, пахта, гаолян сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча чоң тажрыйбасы бар. Алар Казакстанда ыңгайлашып, өсүп-өнүгүп кетээрине ишенем. Анткени климаты бирдей деп айтууга болот. Ошондой эле, биз Казакстандын айыл чарба илим-изилдөө институттары менен да кызматташууну каалайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков