Казакстан менен Кыргызстан биргеликте сейрек
кездешүүчү Кызыл китепке кирген жырткычтардын санын калыбына келтирет. Тараптар
тиешелүү меморандумга кол коюшту. Анда ак илбирсти жана анын Түндүк Тянь-Шандын
тоолорундагы табигый жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча иш-чаралар каралган. Бул эки
республиканын төрт өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө. Алар «Колсай көлдөрү» улуттук жаратылыш паркы, Алматы коругу, өлкөдөн
Иле-Алатау улуттук паркы жана коңшу мамлекеттин «Чоң Кемин» жаратылыш паркы.
Нуркен Шарбиев, Экология жана жаратылыш ресурстары
вице-министри:
- Бүгүнкү күндө
Казакстанда ак илбирстин көбөйүү тенденциясы байкалууда. Ак илбирсти изилдөө
жана коргоо боюнча биргелешкен аракеттердин аркасында 2019-жылдан бери өлкөдө
анын популяциясы 20%дан ашык көбөйдү. Бул меморандум дүйнөлүк маанидеги түрдү
сактап калуу үчүн биздин республикалардын ортосундагы байланыштарды бекемдейт.
Жакынкы жылдары Казакстан менен Кыргызстан бул жаныбардардын жашаган жерлерине жана тоют базасына мониторинг жүргүзүүсү күтүлүүдө. Эске салсак, Ак илбирс-өлкөдөгү сейрек кездешүүчү ири жырткычтардын бири. Бүгүнкү күндө республикада 180ден ашык түрлөрү жашайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков