Каспий Куур Консорциумунун
казакстандык участкасы боюнча мунай ташуу көлөмү жылына 72 жарым миллион
тоннага жетти. Бул багытта техникалык мүмкүнчүлүк бар. Эл аралык тармак менен
ата мекендик мунай ташуу станциясын бириктирүүчү жаңы түтүктүн курулушу аяктап,
пайдаланууга берилди. Бул тууралуу премьер-министр Олжас Бектенов менен Консорциумдун
жетекчиси Николай Горбандын жолугушуусунда айтылды. Тараптар кара алтынды ташуу
жаатындагы инвестициялык программалардын аткарылышын талкуулашты. Мындан
тышкары Теңиз-Новороссийск мунай куурун жаңылоо иштери каралды. Каспий Куур консорциумунун
«тар» участкаларын жоюу долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында быйыл тогуздун
айында мунай ташуу көлөмүн 1 миллиард тоннага чейин жеткирүү көздөлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

