Мажилис үчүн өтүп бара жаткан жыл жемиштүү болду. 2025-жылы Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы 100 мыйзам кабыл алды, алардын 24ү парламент депутаттарынын демилгеси менен кабыл алынды. Өлкөнүн негизги кодекстери – Бюджеттик, Салыктык, Суу, Курулуш жана Санарип кодекстеринин үстүнөн иш аяктады. Мыйзамдык чечимдер социалдык-экономикалык өнүгүүгө, санариптик трансформацияга жана казакстандыктардын конституциялык укуктарын коргоого багытталган. 2025-жылы жасалма интеллект жөнүндө мыйзам да кабыл алынды.
Екатерина
Смышляева, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Быйыл санариптик
өнүгүү тармагында эки негизги система түзүүчү мыйзам кабыл алынды. Аларды
бүгүнкү күндө бул жөнгө салуу чөйрөсүндөгү негизги мыйзамдар деп атоого болот.
Бул жасалма интеллект жөнүндөгү мыйзам, жасалма интеллектти колдонуу менен
байланышкан демилгелер, экономикалык көрсөткүчтөрдү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн
жогорулатуу, жашообуздун бардык тармактарына киргизүү менен байланышкан экономикалык
процесстерди баштоого мүмкүндүк берет. Мамлекет башчысы айтып жаткан нерсе,
принцип боюнча, бул үчүн укуктук база керек болчу жана депутаттардын демилгеси
менен жасалма интеллект жөнүндө мыйзам иштелип чыгып, бүгүнкү күндө кол коюлду.
Мажилисте белгилешкендей,
бул жылы мыйзам чыгаруу иштери чыңалуулуу, практикалык натыйжага багытталган
жана жемиштүү болду. Кабыл алынган мыйзамдардын өзүнчө блогу балдарга, билим
берүүгө жана саламаттыкты сактоого арналды. Кабыл алынган документтер өлкөнүн
ички жана тышкы саясатын бекемдеп, Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүнө негиз
салды.
Марат Башимов,
Парламент Мажилисинин депутаты:
- Жыл ийгиликтүү
болду, Казакстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн, бардык мамлекеттик
органдардын ишинин натыйжалуулугу үчүн, жарандарыбыздын конституциялык
укуктарын коргоо үчүн абдан көп позитивдүү, зарыл нерселер болду. Парламент
Мажилиси абдан катуу иштеди, ал 22-жылдагы конституциялык реформалардан кийин
түп-тамырынан бери өзгөрдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

