Өкмөттө жаңы санариптик чечимдер тааныштырылды

Өкмөттө жаңы санариптик чечимдер тааныштырылды

Дары-дармектердин мыйзамдуулугун кепилдөө, ошондой эле бала бакчалардагы кезекке туруудагы каттоону көзөмөлдөө. Казакстанда ушул жана башка маселелерди жаңы санариптик чечимдер жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Өкмөттө инновациялар тааныштырылды. Биринчи санариптик система дары-дармек каражаттарынын көмүскө соодасынын тобокелдигин гана азайтпастан, аларды борбордоштурулган сатып алууну натыйжалуу пландаштырууга да жардам берет. Жалпысынан, платформада дары-дармек каражаттарынын ар бир таңгагына колдонула турган уникалдуу Data Matrix коду аркылуу - ​​өндүрүлгөн учурдан тартып колдонууга чейин бүткүл өлкө боюнча препараттардын толук жүгүртүүсүн онлайн режиминде көзөмөлдөөгө болот. Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысына бала бакчалардын кезекке туруу тизмесин каттоонун бирдиктүү маалымат базасы тааныштырылды. Ошентип, Egov.kz порталы же экинчи деңгээлдеги банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ата-энелер өз баласын кезекке коюу үчүн төрт бала бакчага чейин тандай алышат. Андан кийин, онлайн режиминде арыздын абалын көзөмөлдөп, үйдөн чыкпай эле келишим түзүүго болот. Айта кетсек, эки кызмат тең пилоттук режимде ишке киргизилген. Ал эми 2024-жылы толук кантуу пайдаланууга берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков