Мамлекет
башчысынын Жетису
облусуна болгон иш сапары «Талдыкорган» индустриалдык
аймагына баруу менен башталды. Мында
өндүруштүк аккумулятор заводу жайгашкан. Бул
жердеги аккумулятор
жылыткычтары мунай жана газ, тоо-кен, телекоммуникация,
темир жол, ошондой эле «жашыл» энергетика тармактарында
үзгүлтүксүз энергия булагы катары колдонулат. Даярдалган өнүмдүн жарымынан көбүн КМШ жана
Балтика өлкөлөрүнө экспорттоо, калганын ата мекендик рынокко сатуу мерчемделип жатат.
Ал эми заводго керектүү чийки
заттын басымдуу бөлүгү Казакстандын ишканаларынан
сатылып алынат. Касым-Жомарт Токаев ишкананын кызматкерлери менен маектешип,
өлкөдөгү өндүрүштүн ролу тууралуу айтып берди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Эгерде биз мамлекет мыкты болушун кааласак,
биринчи кезекте аймактар күчтүү болушу керек. Өнөр жайы өнүккөн өлкө болуу үчүн
бул тармакка көңүл буруп жатабыз. Стратегиялык мааниси бар Жетису облусуна өзгөчө көңүл
бурабыз.
Бизнес
жетекчилери менен жолугушууда Касым-Жомарт Токаев ишкердикти колдоо мамлекеттик
саясаттын негизги багыттарынын бири экенин дагы бир жолу баса белгиледи.
Жалпысынан облустун акими Бейбит Исабаев аймактын социалдык-экономикалык
өнүгүүсү тууралуу Президентке маалымат берди. Ошентип, регионалдык дүң өнүм өсүп, жылдын аягына
чейин 7%дан ашат, ал эми өнөр жай өндүрүшү төрткө жетет. Регионго инвестициялар
дагы бир жарым эседен ашык өсүүдө. Касым-Жомарт Токаев быйыл Талдыкоргандын
жанындагы Ынтымак айылында тургузулган мектепке барды. Жалпысынан быйыл облуста
3 жаңы мектеп ачылды.
Касым-Жомарт Токаев быйыл курулган "Жетису" волейбол клубунун окуу-машыгуу спорт комплексин көрүп чыкты. Спортчуларга арналган турак үй да президентке тааныштырылды. Волейболчулар менен болгон маегинде мамлекет башчысы жеңиштерди каалап, волейбол топко автограф калтырды.
Жанибек Омар, «Жетису» волейбол
боюнча жркектер курамасынын мүчөсү:
- Өткөн жылдан
бери биздин команда улуттук лигада ойноп келет. Казакстан Республикасынын
чемпионатынын биринчи турунда биз биринчи болдук. Ал эми Казакстан кубогунда
үчүнчү орунду ээледик.
Андан кийин Касым-Жомарт Токаев үстөл тенниси борбору менен таанышты. Ал коомдук фонддун
каражатына курулган. Бул жерде үстөл
оюндары жана спорт туризми боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби
жайгашкан. Жалпысынан облустун айылдарында жана шаарларында бир катар жаңы дене
тарбия комплекстери тургузулуп, массалык
спортту өнүктүрүү үчүн модулдук комплекстердин курулушу
башталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

