Өкмөттө Президенттин Кайрылуусун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жарыяланды

Өкмөттө Президенттин Кайрылуусун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жарыяланды

Туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана казакстандыктардын социалдык жыргалчылыгын жогорулатуу. Мамлекет башчынын кайрылуусун ишке ашыруунун алкагында улуттук планда 76 иш-чара каралган. Документ өкмөт тарабынан кабыл алынды. Ошентип, банктардын жана насыялоо уюмдардын ишин көзөмөлдөө боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мерчемделүүдө. Ал экономикалык активдүүлүктү шыктандыруу үчүн гана эмес, санариптик активдерди жана каржылык технологияларды жөнгө салууга багытталган. Бирок жаңы Салык кодекси 2026-жылдын башынан тарта күчүнө кирет. Өлкөдө бирдиктүү салыктык башкаруунун маалыматтык системасы 2025-жылдын аягына чейин ишке киргизилет. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча өзүнчө чараларды көрүү көздөлүп жатат. Мындан тышкары, документте ири өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу жана толук кандуу улуттук автоунаа кластерин түзүү боюнча чараларды көрүү каралууда. 

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:

– Планда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун өз убагында иштеп чыгууну камсыздоо, бул ишке адистерди тартуу, терең талдоо жана талкуулоо зарыл. Бардык каржылоо маселелери да иштелип чыгышы керек. Ашыкча чыгашалардан баш тартуу зарыл. Бюджеттик каражаттар артыкчылыктуу жана стратегиялык максаттарга гана багытталууга тийиш. Негизги милдет – иш-чаралардын планын натыйжалуу жана өз убагында ишке ашыруу кажет. 

Которгон: Илгиз Жамлбеков