Борбор Азия мамлекет башчыларынын 6-консультативдик жолугушуусу кеңейтилген форматта улантылды

Борбор Азия Мамлекет башчыларынын 6-консультативдик жолугушуусу кеңейтилген форматта улантылды. Өлкө лидерлерине ардактуу конок катары Азербайжандын Президенти Илхам Алиев жана БУУнун Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча Аймактык борборунун башчысы Каха Имнадзе кошулушту. Дүйнөдө болуп жаткан татаал процесстердин шартында Казакстандын Президенти регионалдык кооперацияны мындан ары өнүктүрүү боюнча жалпы көз карашты иштеп чыгууну маанилүү деп эсептейт. Касым-Жомарт Токаев бүгүнкү кабыл алынган чечимдер жана аларды натыйжалуу ишке ашыруу көп жылдык достукка негизделет. Ошондой эле өз ара колдоо рухунда көп пландуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди. 


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Өлкөлөрүбүздүн жалпы потенциалын эске алуу менен туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин ишке ашырууга олуттуу салым кошо алабыз. Бул маанилүү демилгени колдоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдыгына карата Борбордук Азияда туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясын кабыл алууну демилгелөөнү сунуштайм. БУУнун жогорку өкүлү, урматтуу Кахи Имнадзе мырзанын биздин саммитке катышуусу жакшы салтка айланып, "Борбор Азия-БУУ" багыты боюнча тыгыз кызматташууну баштайт деп ишенем.  


Саммиттин соңунда Президент консультативдик жолугушуунун төрагасы катары Борбор Азия Мамлекет башчыларынын атынан Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди Ардак белгиси менен сыйлады. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков