Ал эми алдыдагы президенттик шайлоого мурдагы эрежелер боюнча коомдук уюмдар көз салаарын, юстиция министринин орун басары Алма Муканова билдирди. Анын айтымында, эмки жылдан тарта интернетте үгүт жүргүзүүнүн жаңы тартиби иштей баштайт. Электрондук шайлоо процессине келсек, Казакстанда болгон мобилдик тиркемелер жана веб системалар добуш берүүнүн купуялуулугун сактоо үчүн жетиштүү деңгээлде корголгон эмес. Аларды иретке келтирүү боюнча мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков