«Ишкер аймак»: Казакстанда чакан ишкерлик колдоого алынат

«Ишкер аймак»: Казакстанда чакан ишкерлик колдоого алынат

Казакстанда чакан бизнести колдоого багытталган «Ишкер аймак» жаңы мамлекеттик программа ишке кошулат. Бүгүн Өкмөт аны бекитти. Программа айрыкча моно жана кичи шаарлардагы, ошондой эле айыл жерлериндеги чакан жана микробизнестерди өнүктүрүүгө багытталган. Ал социалдык-экономикалык таасири бар, технологиялык жактан жөнөкөй жана тез ишке ашырылуучу долбоорлорду камтыйт. Айыл чарба чийки затын кайра иштетүү, тамак-аш азыктарын өндүрүү, жыгач иштетүү, эмерек жана курулуш цехтери артыкчылыктуу багыттар болуп саналат. Программанын алкагындагы жалпы насыялоо көлөмү жылына 400 миллиардга жакын теңгени түзөт, ал эми 2026-жылы 5 миңден ашык долбоорду колдоо пландаштырылууда. Аны башкаруу санарип форматта жүргүзүлөт – арызды egov.business жана Damu Online порталдары аркылуу тапшырууга болот. «Ишкер аймак» программасын ишке ашыруу 2028-жылга чейин 23 миңге жакын чакан бизнес долбоорлорун колдоого жана аймактарда ишкердик чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет.

Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары, Улуттук экономика министри:

- Азыркы учурда элеттик ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган «Айыл аманаты», «Бир айыл – бир өнүм» сыяктуу программалар ишке ашырылууда. Анын ичинде кайра иштетүүнү, кол өнөрчүлүктү жана жергиликтүү ресурстарга багытталган чакан өндүрүштөрдү өнүктүрүү да бар. Аталган программалардын алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор, анын ичинде айыл чарба кооперативдеринин долбоорлору «Ишкер аймак» бирдиктүү программасынын алкагында кошумча колдоо ала алышат жана субсидия, инфраструктуралык, каржылык эмес мамлекеттик колдоо алуу үчүн кайрылганда биринчи кезекте каралат.


Казакстанда чакан жана орто бизнестер үчүн салык башкаруусу жөнөкөйлөштүрүлөт


Мындан тышкары, Президенттин тапшырмасынын алкагында өлкөдө микро жана чакан бизнес үчүн салыктык башкаруу жөнөкөйлөштүрүлөт. Салык кодексинин долбооруна жаңы ыкмалар киргизилди. Ал административдик жүктү азайтууга жана ишкерлер менен сервистик моделге өтүүгө багытталган. Өкмөттө белгилешкендей, санариптештирүүгө, отчёттуулукту кыскартууга жана бизнести ашыкча текшерүүлөрдөн коргоого басым жасалат. Эске сала кетсек, Казакстанда 2 миллион 200 миңден ашуун чакан бизнес субъектиси иштейт, анда 4 миллионго жакын адам эмгектенет.

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:

- Салык органдары салык төлөөчүлөрүбүз үчүн өнөктөш болушу керек. Биз чогуу бизнеске чынчыл иштеп, салык төлөөдөн качканга караганда, салык төлөө пайдалуу боло турган шарттарды түзөбүз. Бул багыттагы бардык иштер комплекстүү жана координацияланган болушу керек. Биз санариптик платформаларды өнүктүрүүнү, административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү, инклюзивдүүлүктү колдоону жана чакан бизнести туруктуу өсүү үчүн керектүү шаймандар менен камсыз кылууну мындан ары да улантабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков