Өкмөттө Теңиз жана Кашаган кен жайларын мындан ары иштетүү маселелери каралды

Өкмөттө Теңиз жана Кашаган кен жайларын мындан ары иштетүү маселелери каралды

Өкмөттө Теңиз жана Кашаган кендерин мындан ары иштетүү маселелери талкууланды. Министрлер кабинетинин башчысы «ЭксонМобил»  компаниясынын улук вице-президенти менен жолугушуу өткөрдү. Алихан Смаилов менен Джон Уилан кен жайдагы басымды кеңейтүү жана көзөмөлдөө долбоорлорун ишке ашырууга, андан ары өнүктүрүү пландарына, суюлтулган мунай газын ички рынокко жеткирүү маселелерине токтолду. Ошону менен бирге тараптар газ бөлүштүрүүчү комплексти куруу маселесин талкуулашты. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө америкалык компаниянын ата мекендик экономикага салган инвестициясы АКШ валютасында 28 миллиард доллардан ашат. Компания Кашаган жана Теңиз кендеринен тышкары Каспий куур консорциуму сыяктуу ири долбоордун өнөктөшү. Муну менен катар компания эки тараптуу мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Премьер-министр Өкмөт биргелешкен пландарды ишке ашыруунун алкагында компания менен конструктивдүү диалогко ар дайым ачык экенин билдирди. Ошондой эле,  ири мунай-газ долбоорлоруна жергиликтүү камтууну жогорулатуу экономиканын базалык тармактарын өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири экендигин белгилеп өттү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков