Казакстандыктар кандай каржы инструменттерине басым жасашат?

Казакстандыктар кандай каржы инструменттерине басым жасашат?

Казакстандыктар көбүнчө ар кандай финансылык инструменттерге инвестиция салышкан. Бул жаатта эң кеңири таралганы - депозиттер деп маалымдайт Ranking.kz порталы. Ушул жылдын баш оона айында өлкөнүн экинчи деңгээлдеги банктарындагы жеке адамдардын депозиттеринин суммасы болжол менен 32 пайызга көбөйгөн. Бул беш жыл ичиндеги эң жогорку өсүү көрсөткүчү. Ошол эле учурда өткөн жылдан бери казакстандыктардын баалуу кагаздар рыногуна болгон кызыгуусу байкалган. Ички фондулук рынокто жеке инвесторлордун саны кескин өскөн. Жарандар негизинен өз аманаттарын инфляциядан гана коргоп тим болбостон, аны көбөйткүсү келет дешет тармактын серепчилери. 2020-жылдын аягында жеке инвесторлордун саны 130 миңден ашса, ал эми ушул жылдын теке айында 177 миңге жакын жеке инвесторлордун эсептери катталган. Бул Казакстандын экономикалык жигердүү калкынын 2%ын түзөт. Белгилей кетүүчү нерсе, жеке инвесторлор үчүн эң жагымдуу жана ыңгайлуу каржылык инструменттердин бири - бул инвестициялык фонддор болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков